Зыяндуу газдардын деңгээлин текшерүү боюнча рейддик иш-чара өткөрүлүүдө
06-ноябрь 2026, 10:29
Бишкек экологиялык прокуратурасынын сунуштамасынын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы менен биргеликте Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылында атмосфералык абанын булганышын алдын алуу жана анын сапатын жакшыртуу максатында автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу газдардын деңгээлин текшерүү боюнча рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.
Рейддин жүрүшүндө автотранспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн деңгээли атайын өлчөөчү жабдуулардын жардамы менен текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык талаптарды бузган айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.
Мындай рейддик иш-чаралар атмосфералык абанын булганышын азайтуу, автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттардын көлөмүнө көзөмөл жүргүзүү жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында мындан ары да такай улантылат.