Аркыт мектебинде Бүткүл дүйнөлүк тоолор күнүнө арналган сабак өттү
09-декабрь 2025, 17:08
Бүткүл дүйнөлүк тоолор күнүнүн алкагында Аркыт орто жалпы билим берүү мектебинде Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун кызматкери К. Байдоолотов атайын тематикалык сабак өттү. Сабактын темасы: «Тоолор — Жараткандын берген жаратылыш байлыгы гана эмес, элдин жашоо булагы» болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө К. Байдоолотов окуучуларга тоолук экосистемалардын маанилүү ролу, алардын экологиялык, климаттык жана биологиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Ал жаратылыш байлыгын сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана тоолуу аймактарды коргоого өз салымын кошууга чакырды.
Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш объектилеринин бири болгон Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу Жалал-Абад облусунда, Чаткал жана Ат-Ойнок кырка тоолорунун аймагында жайгашкан. Корук аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоодо чоң роль ойнойт.