Астанада Борбордук Азиялык Конференция климаттын өзгөрүшү боюнча (ЦАКИК-2026) башталды.

Чүй өрөөнү
Астанада Борбордук Азиялык Конференция климаттын өзгөрүшү боюнча  (ЦАКИК-2026) башталды.
Астанада Борбордук Азиялык Конференция климаттын өзгөрүшү боюнча  (ЦАКИК-2026) башталды.


Бул — биздин аймактагы өлкөлөр БУУнун глобалдык климат саммитинин алдында бирдиктүү позицияны иштеп чыгуучу негизги аянтча. Конференциянын алкагында жогорку деңгээлдеги панелдик сессия өтүп, анда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Кадыржановна сөз сүйлөдү.


Кыргызстан климаттык милдеттенмелерди (ОНУВ) даярдоо боюнча аймактагы лидер катары белгиленди — биз документтердин үч циклин тең биринчи болуп сунуштаганбыз.


«Биз үчүн лидерлик — тизмеде биринчи болууга умтулуу эмес, өлкөнүн даярдыгынын көрсөткүчү. Кыргызстан үчүн ОНУВ — бул улуттук пландоонун куралы, ал түздөн-түз суу, энергетика жана тоолуу жамааттарыбыздын коопсуздугу менен байланышкан», — деп белгиледи өз сөзүндө Асель Кадыржановна.


#ЦАКИК2026 #Кыргызстан #Климат #АсельКадыржановна #ОНУВ