Ат-Башы районунда эс алуучу жайдан илбирс жана күрөң аюунун терилери табылды

Чүй өрөөнү
Ат-Башы районунда эс алуучу жайдан илбирс жана күрөң аюунун терилери табылды

Ат-Башы районунда эс алуучу жайдан илбирс жана күрөң аюунун терилери табылды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Ат-Башы районунда жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө жеке жаранга таандык эс алуучу жайдан Кызыл китепке кирген илбирстин жана күрөң аюунун терилери табылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө табылган терилер боюнча тиешелүү иш кагаздар түзүлдү. Эс алуучу жайдын ээси терилер болжол менен 30 жыл мурда алынганын билдирген. Бирок алардын мыйзамдуу жол менен алынгандыгын ырастаган тиешелүү уруксат берүүчү документтерди көрсөтө алган эмес.

Ошондой эле эс алуучу жайдын ээси текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн тиешелүү документтерге кол коюудан баш тарткан.

Учурда аныкталган жагдайлар боюнча бардык материалдар чогултулуп, мыйзам чегинде баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалууда.

Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык илбирске келтирилген зыян үчүн 2 миллион сомго чейин, ал эми күрөң аюуга келтирилген зыян үчүн 1,5 миллион сомго чейин доо каралган.