Ат-Башы районунда жылытуу үчүн колдонулган отундардын түрүнө жана сапатына мониторинг жүргүзүлдү
20-ноябрь 2026, 13:38
Нарын облусунун Ат-Башы районунда күз-кыш мезгилинде айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана атмосфералык абанын сапатын көзөмөлдөө максатында коммерциялык жана өндүрүштүк объектилерде мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө тейлөө станциялары, унаа жуучу жайлар, жеке мончолор, сауналар, күнөсканалар, тигүү цехтери жана башка өндүрүштүк объектилерде жылытуу үчүн колдонулуп жаткан отундардын түрүнө жана сапатына көңүл бурулду.
Иш-чаранын алкагында объектилердин ээлерине жана кызматкерлерине колдонулган мотор жана индустриалдык майлар, ошондой эле айрым өндүрүштүк калдыктар кооптуу калдыктардын катарына кирери түшүндүрүлдү. Мындай калдыктарды жылытуу максатында өрттөө белгиленген экологиялык талаптарга каршы келери, натыйжада атмосферага зыяндуу заттардын, түтүндүн жана күйүү продуктуларынын бөлүнүп чыгышына алып келери эскертилди.
Ошондой эле мындай аракеттер айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн экендиги белгиленип, кооптуу калдыктарды тиешелүү талаптарга ылайык чогултуу жана утилдештирүү зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, рейд учурунда экологиялык жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталды. Тактап айтканда, таштандыларды белгиленбеген жерге таштоо жана жер казынасын пайдалануу эрежелерин бузуу боюнча үч протокол түзүлүп, жалпы 27 500 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.