Ат-Башы районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды
01-декабрь 2025, 11:38
Чүй өрөөнү
Ат-Башы районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды
2025-жылдын 29-ноябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам маалыматтын негизинде рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну Б.Ш. аттуу жаран тарабынан 2 тоо кийигинин (тоо теке) эттери мыйзамсыз олжологон фактысы аныкталды.
Жыйынтыгында жаран Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзам чегинде баа берүү иштери улантылууда.