Баткенде Северцов аркарынын 144 башы катталган. Анын экөөсү койлор менен видеого түштү
20-ноябрь 2026, 09:23
Баткен облусунун Лейлек районунда Северцов аркарынын эки башы үйүр малдын арасында жүргөнү видео тасмага түшүрүлдү.
Райондун тоолуу аймагында мал багып жүргөн жергиликтүү тургун тоодон ылдый түшүп келген жапайы жаныбарларды көрүп, алардын өзгөчө көрүнүшүн видеого тартып алган. Видео менен ал Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери менен бөлүшкөн. Тасмада эки баш Северцов аркарынын үйүр малга аралашып, жайылып жүргөнүн көрүүгө болот.
Северцов аркары — Кыргызстандын тоолуу аймактарында кездешүүчү жапайы туяктуу жаныбарлардын бири. Анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоо жана популяциясын коргоо биологиялык ар түрдүүлүктү камсыз кылууда маанилүү орунду ээлейт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын аягындагы эсепке алуунун жыйынтыгында Баткен облусунун аймагында Северцов аркарынын 144 башы катталган.
Белгилей кетсек, жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүндө кездешүүсү — аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылышты коргоо багытындагы иштердин маанилүүлүгүн дагы бир ирет көрсөтөт.