Баткен облусунда экология жана калдыктарды башкаруу маселелери талкууланды
10-март 2026, 18:07
Баткен облусунда экология жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерине арналган кеңешме өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, ошондой эле райондордун акимдеринин биринчи орун басарлары жана шаарлардын мэрлери катышты.
Кеңешме тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун Жол картасынын алкагында өткөрүлүп, анын негизги максаты экологиялык абалды жакшыртуу, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу болуп саналат.
«Экология жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү — биздин ишибиздин артыкчылыктуу багыты, биргелешкен аракеттер аркылуу биз калдыктарды башкаруу системасын жана тиешелүү инфраструктураны заманбап стандарттарга ылайык келтиришибиз керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусундагы негизги экологиялык көйгөйлөр, анын ичинде калдыктарды кайра иштетүү жана катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын модернизациялоо маселелери каралды. Аймактагы айрым катуу тиричилик калдыктарынын полигондору белгиленген экологиялык талаптарга жооп бербей турганы белгиленди. Ушуга байланыштуу аларды этап-этабы менен модернизациялоо жана колдонуудагы стандарттарга ылайык келтирүү зарылдыгы айтылды.
Мындан тышкары, саркынды сууларды тазалоо жана калктуу конуштардын экологиялык инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды. Өзгөчө туризм өнүгүп жаткан аймактарга көңүл бурулуп, ал жерлерде экологиялык абалга көзөмөлдү күчөтүү жана жаратылышты коргоо боюнча заманбап чечимдерди киргизүү зарылдыгы белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында райондук администрациялардын жетекчилерине жана шаар мэрлерине калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу, экологиялык инфраструктураны модернизациялоо жана аймактагы экологиялык коопсуздукту жогорулатуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Жыйын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын Баткен облусунда экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга, туруктуу өнүгүүгө жана жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган системалуу ишинин маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи.