Баткен облусунда Жарандык коргонуу боюнча командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Баткен облусунда Жарандык коргонуу боюнча командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү
Баткен облусунда жарандык коргонуу тутумун чыңдоого багытталган республикалык командалык-штабдык машыгуулар өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «2026-жылга Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык уюштурулду.


Машыгуулардын жүрүшүндө Баткен региондук башкармалыгынын радиациялык жана химиялык коргонуу кызматынын даярдыгы текшерилди. Өзгөчө көңүл төмөнкүлөргө бурулду:


радиациялык жана химиялык абалды баалоо боюнча практикалык көндүмдөргө;


күчтөрдү жана каражаттарды ыкчам жайгаштыруу алгоритмдерине;


өзгөчө кырдаалдар учурунда калкты жана аймактарды коргоо чараларына.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээли белгиленди. Топтолгон тажрыйба аймактын коопсуздук тутумун андан ары өркүндөтүү үчүн күнүмдүк ишмердүүлүккө киргизилмекчи.