Баткен облусунда сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо чаралары күчөтүлөт
10-март 2026, 18:16
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, райондордун акимдеринин биринчи орун басарлары, шаарлардын мэрлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо, токойлорду калыбына келтирүү жана аймактарды жашылдандыруу маселелерин карады.
«Сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоо жана аймактын экологиялык тең салмактуулугун камсыз кылуу — биздин ишибиздин артыкчылыктуу багыты. Биргелешкен аракеттер менен жаратылышты коргоо чараларын күчөтүп, тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүшү үчүн шарт түзүшүбүз керек», — деп белгиледи министр Акыл Токтобаев.
Айрыкча Северцов аркарын көбөйтүү үчүн атайын питомник түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, бул долбоорду ишке ашырууга 9,3 млн сом каралганы белгиленди. Ошондой эле улуттук экологиялык «Жашыл Мурас» өнөктүгүн улантуу үчүн 1 млн сом каражат бөлүү пландалууда.
Жапайы жаратылыштын абалын мониторингдөөнү күчөтүү максатында эл аралык уюмдар менен биргеликте жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу үчүн фото-тузактарды орнотуу пландалууда.
Мындан тышкары жергиликтүү бийлик органдары жана экологиялык инспекция тарабынан мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн илимий изилдөө иштери пландалууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында жаратылышты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытындагы биргелешкен ишти мындан ары да күчөтүү зарылдыгы белгиленип, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.