Баткен облусунда рейд учурунда Северцов аркары кездешти

Баткен өрөөнү
Баткен облусунда рейд учурунда Северцов аркары кездешти

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн аңчы-егерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда тоо аймагынан Северцов аркары кездешти.

Рейд учурунда адистер жапайы жаныбардын абалын байкап, анын табигый чөйрөдө жүргөнүнө күбө болушту.

Адистердин белгилешинче, жапайы жаныбардын адамдарга жакын аймактарда кездешүүсү ар кандай себептерден улам болушу мүмкүн. Анын ичинде жаныбарлардын жашоо чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр, азык издөө же багытынан адашып калуу сыяктуу жагдайлар да себеп болушу ыктымал. 

Северцов аркары — Кыргызстандын тоолуу аймактарында кездешкен жапайы жаныбарлардын бири. Аркарлар тоо экосистемасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо биологиялык ар түрдүүлүктү коргоодо өзгөчө мааниге ээ.

Министрлик жарандарды жапайы жаныбарларга жолуккан учурда аларга жакындабоого, үркүтпөөгө жана зыян келтирбөөгө чакырат. Жапайы жаныбарлардын табигый чөйрөсүн сактоо жана аларды коргоо келечек муундардын алдындагы жалпы жоопкерчилик экендигин белгилейт.