Баткенде суурлардын жазгы санагы аяктап, аймакта 4 миңден ашык суур бар экени аныкталды

Баткен өрөөнү
Баткенде суурлардын жазгы санагы аяктап, аймакта 4 миңден ашык суур бар экени аныкталды
Баткенде суурлардын жазгы санагы аяктап, аймакта 4 миңден ашык суур бар экени аныкталды


Министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан суурлардын санын аныктоо боюнча кезектеги санак иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды.


Бул иш-чара аймактагы жапайы жаныбарлардын санын, алардын таралышын жана популяциясынын жалпы абалын баалоо максатында өткөрүлөт. Топтолгон маалыматтар жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө жана аймактын биотүрдүүлүгүн сактоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу пландаштырууга шарт түзөт.


Санактын жыйынтыгы боюнча, Баткен облусунун 188 512,2 гектар жер аянтында жалпы 759 даана суур эсепке алынды. Муну менен катар, «Сурма-Таш» мамлекеттик жаратылыш коругунун 66 194,4 гектар аймагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн алкагында 3 387 даана суур катталды.


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн фаунасын коргоо, алардын табигый чөйрөсүн сактоо жана жапайы жаныбарлардын санын көзөмөлдөө багытындагы иштерди ырааттуу түрдө улантат.