Базар-Коргон районунда экологиялык талаптарды бузган фактылар аныкталды
21-октябрь 2026, 13:41
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын жүрүшүндө экологиялык талаптарды бузган фактылар аныкталып, күнөөлүү тараптарга административдик чаралар көрүлдү.
Тактап айтканда, Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн таштанды таштоочу жайынын экологиялык паспортунун колдонуу мөөнөтү узартылбагандыгы аныкталды. Буга чейин аталган айыл өкмөтүнө регионалдык башкармалык тарабынан беш пункттан турган эскертме берилген. Бирок талаптардын аткарылбагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнө 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, келип түшкөн маалыматтын негизинде Сайдыкум айыл аймагына караштуу Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинде рейддик иш-чарада жергиликтүү тургундардын бири кум-шагыл аралашмасын белгиленген эрежелерди бузуу менен казып жатканы аныкталды.
Аталган жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле кум-шагыл жана чопо кендерин казып алуунун белгиленген тартибин сактоо, мыйзам талаптарын аткаруу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.