🦌 Беш-Таш жаратылыш паркында бугулардын саны көбөйүүдө

Чүй өрөөнү
🦌 Беш-Таш жаратылыш паркында бугулардын саны көбөйүүдө

Талас облусу, 2025-жыл – Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында бугулардын саны 60 башка жетти. Эске салсак, 2022-жылы Алтайдан жапайы жаныбарлар дүйнөсүн байытуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында 35 бугу алып келинген.

Беш-Таш жаратылыш паркы 1996-жылы Түндүк-Батыш Кыргызстандагы жаратылыш комплексин жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо максатында негизделген. Парк Талас өрөөнүндө, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталындагы борбордук бөлүгүндө жайгашып, жалпы аянты 32 411 гектарды түзөт.

Парк аймагында 800дөн ашуун жогорку даражалуу өсүмдүк түрү өсөт жана көп сандагы жапайы жаныбарлар жашайт: бугу, түлкү, кунас, илбирс, улар, барс, түркстан сылагы, кумай, балабан, бүркүт жана башка сейрек кездешүүчү жаныбарлар. Беш-Таш дарыясында осман балыгы да жашайт.

Жаратылыш паркы экотуризмди өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Алдыдагы жылдарда калк жана чет элдик туристтер үчүн экологиялык таза шартта эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана региондун уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо багытында иштер жүргүзүлөт.