Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда экологиялык мыйзам бузууларга каршы иш-чаралар өткөрүлдү
06-август 2026, 09:44
Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда экологиялык мыйзам бузууларга каршы иш-чаралар өткөрүлдү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунун тургундарынан конуштун аймагында жайгашкан мончонун ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз келип түшкөн.Аталган кайрылуунун негизинде ыкчам түрдө мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анын курамына Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Архитектуралык көзөмөл кызматынын, Жер жана суу көзөмөл кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү кирди.
Комиссия жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мончо объектисинин тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталды. Натыйжада объекттин ээси мыйзам талаптарына ылайык бардык зарыл уруксат берүүчү документтерди алганга чейин өз ыктыяры менен ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту.
Мындан тышкары, Аламүдүн районунун Ленин айылында мыйзамсыз таштанды өрттөө фактысы аныкталды. Аталган мыйзам бузуу атмосфералык абанын булганышына алып келгендиктен, күнөөлүү жаранга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык административдик айып салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого, таштандыларды мыйзамсыз өрттөөгө жол бербөөгө жана айлана-чөйрөнү коргоого жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.