Бишкек шаары жана Аламүдүн районунда «Таза Аба» акциясынын алкагында рейд өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Бишкек шаары жана Аламүдүн районунда «Таза Аба» акциясынын алкагында рейд өткөрүлдү

2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте «Таза Аба» экологиялык акциясынын алкагында кезектеги рейддик иш-чара жүргүзүштү.

Рейддин жыйынтыгында:

•    Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 234-беренесине ылайык 4 протокол түзүлдү;

•    Жалпы 45 500 (кырк беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, айдоочуларга атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү жана маалыматтык иштер жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айдоочуларды транспорт каражаттарынын техникалык абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоого чакырат.