Бишкек жана Баткен облусунда атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддер өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Бишкек жана Баткен облусунда атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддер өткөрүлдү

Бишкек жана Баткен облусунда атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддер өткөрүлдү

Бишкек шаарында, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда атмосфералык абаны коргоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейддердин негизги максаты — атмосфералык абанын булганышын алдын алуу, зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышына байланыштуу экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө жана абанын сапатына терс таасирин тийгизген факторлорду аныктоо.

Иш-чаралардын жүрүшүндө жеке автоунаалардын, ишканалардын жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу боюнча белгиленген талаптарды сактоосу текшерилди. Ошондой эле чаң жана түтүн бөлүп чыгарган булактарга, экологиялык уруксат берүүчү документтердин болушуна өзгөчө көңүл бурулду.

Рейддердин жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 45 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.