Бишкекте Кыргызстандын тоо-кен тармагынын ачыктыгы жана келечеги талкууланды
20-октябрь 2025, 16:25
Бишкекте Кыргызстандын тоо-кен тармагынын ачыктыгы жана келечеги талкууланды
2025-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарында “Кен тармагы боюнча диалог: инвестициялар, ачыктык, өнүгүү” аттуу форум өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун негизги максаты — ачык диалог түзүп, тоо-кен секторун ачыктык, жоопкерчилик жана туруктуулук принциптерине таянып өнүктүрүү боюнча биргелешкен кадамдарды макулдашуу болду.
Форумду Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Дүйнөлүк банктын, Кен казып алуу тармагынын ачыктыгы демилгеси (КТАД) жана Data Lab консалтингдик компаниясынын колдоосу менен уюштурулду.
Катышуучулар Кыргызстан кантип дүйнөлүк энергетикалык трансформацияда маанилүү орунду ээлеген критикалык минералдарга инвестиция тартуу үчүн жагымдуу платформа боло аларын талкуулашты. Ошондой эле экологиялык ачыктык маселеси, жергиликтүү жамааттар менен өз ара аракеттенүү жана аялдардын ролу өзгөчө көңүл борборунда болду.
Дүйнөлүк банктын өкүлү Брайан Лэнд белгилегендей, Кыргызстан башка өлкөлөр менен жер казынасын чалгындоого инвестиция тартуу жаатында атаандаш боло алышы үчүн терең жана туруктуу реформалар талап кылынат. Ал эми Дүйнөлүк банктын маалымат чогултуу боюнча консультанты Аркадий Рогальский Кен казып алуу тармагынын ачыктыгы демилгеси (КТАД) мамлекет, бизнес жана коом ортосундагы ишенимди бекемдөөдө, ачыктыкты камсыз кылууда, коррупцияга каршы күрөшүүдө жана тармактын бардык катышуучулары үчүн бирдей эрежелерди түзүүдө негизги ролду ойной турганын баса белгиледи.
Форумдун жыйынтыгында катышуучулар мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттарын аныктаган резолюцияны кабыл алышты. Мамлекетке реформаларды улантуу жана 2027-жылдагы (КТАД) валидациясына даярдык көрүү үчүн координацияны бекемдөө сунушталды. Бизнеске — корпоративдик жоопкерчиликти, экологиялык ачыктыкты жана гендердик теңчиликти өнүктүрүү сунушталды. Жарандык коомго — коомдук көзөмөлгө жана чечимдерди талкуулоого активдүү катышуу, ал эми эл аралык өнөктөштөргө — ачыктыктын жана туруктуу өсүүнүн стандарттарын илгерилетүүдө өлкөгө колдоо көрсөтүү сунушталды.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматынын директорунун орун басары Руслан Калилов белгилегендей, ачыктык жана жарандардын катышуусу — ишенимдин негизи. Тоо-кен тармагы өлкө үчүн экономикалык гана эмес, социалдык жактан да өнүгүүнүн локомотиви боло алат.
Форумда гендердик ачыктык маселесине арналган өзүнчө сессия болуп өттү. Анын алкагында Data Lab компаниясы даярдаган (КТАД)ды ишке ашыруудагы гендердик анализ сунушталды. Адистер башкарууга, чечим кабыл алууга жана тармакта аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого аялдардын активдүү катышуусу маанилүү экенин белгилешти. Data Lab компаниясынын жетекчиси Гүлнура Торалиева мындай демилгелердин максаты — жөн гана отчет даярдоо эмес, ачыктык маданиятын сый, ишеним жана ачыктыкка негиздеп калыптандыруу экенин баса белгиледи.
Форумдун соңунда катышуучулар резолюция кабыл алып, Кыргызстанды 2027-жылдагы (КТАД) валидациясына даярдоо боюнча биргелешип иш алып барууга макулдашышты. Катышуучулар белгилегендей, тармактын туруктуу өнүгүүсү диалог, ишеним жана ачыктык аркылуу гана мүмкүн болот. Мамлекет, бизнес жана коом бир багытта аракеттенгенде — утушка бүткүл өлкө ээ болот.