Бишкекте өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) тутумун киргизүү жана циркулярдык экономиканы өнүктүрүү талкууланды

Чүй өрөөнү
Бишкекте өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) тутумун киргизүү жана циркулярдык экономиканы өнүктүрүү талкууланды
Бишкек, 2026-жылдын 9-апрелинде  — Борбор калаанын Инновациялык борборунда калдыктарды башкаруу жаатында бирдиктүү саясатты түзүү жана Кыргыз Республикасынын туюк циклдеги экономикага өтүүсүнө арналган тегерек стол өттү.


Иш-чарага КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, «Helvetas Swiss» эл аралык уюмунун, «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, ошондой эле өлкөнүн кайра иштетүүчү ишканаларынын жетекчилери катышты.


Негизги жыйынтыктар жана милдеттер:
Талкуунун борбордук темасы 2025-жылдын июнь айында өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) тутумун башкаруу үчүн түзүлгөн «Эко Оператор» МИнин ишмердүүлүгү болду. Бул механизмге ылайык, өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар продукциянын керектөө касиеттери жоголгондон кийин аны утилизациялоо үчүн жоопкерчилик тартышат.


2026-жылдын 1-апрелине карата иштин негизги көрсөткүчтөрү:


Жыйым:Утилизациялык жыйымдардын суммасы 150 млн сомду түздү.


Инфраструктура: Калдыктарды кайра иштетүү, сорттоо жана утилизациялоо менен алектенген 130 субъекттин реестри түзүлдү.


Реформанын максаты:
ӨКЖны киргизүү таштанды полигондорунун санын кыскартууга жана калдыктарды кайрадан чарбалык жүгүртүүгө тартууга багытталган. Утилизациялык жыйымдан түшкөн каражаттар кайра иштетүү кубаттуулуктарын модернизациялоо долбоорлорун каржылоого жана өлкөнүн экологиялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жумшалат.


«Тегерек стол мамлекет менен бизнестин ортосундагы түз диалог үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Биздин максат — калдыктар экологиялык жүк эмес, ресурс катары колдонула турган натыйжалуу тутумду түзүү», — деп белгилешти жолугушуунун катышуучулары.