Бишкекте “MINEX Central Asia” геологиялык форуму уланууда

Чүй өрөөнү
Бишкекте “MINEX Central Asia” геологиялык форуму уланууда

2024-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында MINEX Central Asia 10-тоо-геологиялык форуму башталды. Форум “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген жалпы теманын алдында уюштурулууда.
Биринчи кундо төрт пленардык сессия иш алып барууда.

Ал жакта аталган тармактын өнүгүү перспективалары, көйгөйлүү маселелер тууралуу пикир алышуу, ой бөлүшүү жүрүүдө.
Биринчи пленардык сессия суу ресурстарынын, экологиянын, кайра жаралуучу энергиялардын тоо-кен тармагына тийгизген таасири тууралу алты спикер айтып берди.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министиринин орун басары А.Раимкулова экология багытында кандай алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгы, иштелип чыккан мыйзамдар, экологияны коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер, жөнүндө презентация жасады.

Үчүнчү  пленардык сессияда Кыргыз Республикасында иш алып барган ишканалар, өз ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалымат беришти.

"Кыргызалтын" ААКнын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев өз сөзүндө форма катышуучуларды жана конокторду компаниянын келечектеги долбоорлору жана четтөөлөр жөнүндө маалымдады.
        Жаңы жана келечектүү багыт-геологиялык чалгындоо иштеринин бардык түрлөрүн жүргүзүү боюнча кубаттуу бөлүмдү түзүү, ошондой эле пайдалуу кендерди жана, биринчи кезекте, алтынды жана критикалык минералдарды байытуу жаатында изилдөө үчүн лабораториялык жабдууларды сатып алуу менен Борбордук илимий-изилдөө лабораториясынын ишин кеңейтүү экендигин белгиледи.
"Кыргызалтын" ААКнын активдери 2023-жылга карата 89,3 млрд сомду түзөт.
   
Мындан тышкары, тоо кен тармагындагы жеке жана ири ишканалардын өкүлдөрү менен дагы чакан форматтагы жолугушуулар өтүүдө.
Форум бирдиктүү аянтчада презентацияларды өткөрүүгө жана минералдык ресурстарды иштетүүгө, жашыл энергетиканы калыптандырууга жана өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого инвестицияларды жана технологияларды тартуунун келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.
Форумга 25тен ашык өлкөнүн тоо-кен тармагындагы алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү катышууда.