Бишкекте унаалардын абаны булгоо деңгээлин текшерүү иштери уланууда
09-март 2026, 17:13
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек аймактык башкармалыгынын инспекторлору Бишкек шаары боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте зыяндуу заттардын чыгындылары белгиленген нормадан ашкан автотранспорт каражаттарын аныктоо боюнча кезектеги рейд өткөрүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эки автоунаадан чыгындылардын деңгээли белгиленген чектен 50 пайыздан ашык жогору экени аныкталды. Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 234-беренесине ылайык айдоочуларга карата эки протокол түзүлдү. Жалпы салынган айып пулдун суммасы 15 000 сомду түздү.
Мындай рейддер борбор калаада абанын сапатын жакшыртуу, атмосфералык абанын булганышын азайтуу жана автоунаа ээлеринин экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында туруктуу негизде өткөрүлүп турат.