Бишкекте "MINEX Централ Азия"- аталышындагы геологиялык форуму өтөт

Чүй өрөөнү
Бишкекте "MINEX Централ Азия"- аталышындагы геологиялык форуму өтөт

2024-жылдын 19-20-июнунда Бишкекте MINEX Централ Азия 10 чу-кен-геологиялык форуму өтөт. Форум “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген жалпы теманын алдында уюштурулууда. Мындай форматтагы буга чейинки MINEX форуму 2018-жылы Казакстанда өткөн .

Форум бирдиктүү аянтчада презентацияларды өткөрүүгө жана  минералдык-чийки зат ресурстарын өнүктүрүүгө , жашыл энергетиканы калыптандырууга жана өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого инвестицияларды жана технологияларды тартуунун келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.

Форумдун башкы региондук өнөктөшү болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп саналат.

Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаровдун катышуусу пландалууда.

Форумга Борбордук Азиянын, Европанын, Кытайдын, Түндүк Американын жана Жакынкы Чыгыштын 30 өлкөсүнүн компаниялар жана уюмдардын катышуусу күтүлүүдө.