Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү
20-май 2026, 14:04
Чүй өрөөнү
Бүгүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана ыш көйгөйүн азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге арналган ведомстволор аралык комиссиянын кеңейтилген жыйыны өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү экологиялык абал, абанын сапатын туруктуу көзөмөлдөө, булгануунун негизги себептерин азайтуу, зыяндуу заттардын көлөмүн кыскартуу жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялоо маселелери талкууланды.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасынын негизинде 2025-жылы атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына 25 министрлик жана ведомство, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 депутаты кирген.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жылдыз Эгенбердиева жана Махабат Мавлянова катышып, экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жарандардын ден соолугун коргоо жана айлана-чөйрөнү сактоо маселелери бүгүнкү күндүн эң маанилүү багыттарынын бири экенин белгилешти. Депутаттар абанын булганышын азайтуу боюнча натыйжалуу жана ыкчам чараларды көрүү зарылдыгын белгилеп, бир катар практикалык сунуштарын беришти.
Министр Акыл Токтобаев өз сөзүндө атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселеси мамлекеттик артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Бул багытта системалуу иштер жүргүзүлүүдө: учурда газификациялоону кеңейтүү, экологиялык жактан таза жылытуу технологияларын киргизүү, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышына көзөмөлдү күчөтүү жана абанын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн заманбап системаларын ишке киргизүү боюнча чаралар көрүлүүдө.
Ошондой эле жыйында 2026–2027-жылдарга карата атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планынын аткарылышы, муниципалдык отканаларды альтернативдүү энергия булактарына өткөрүү, электр транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча санариптик чечимдерди киргизүү маселелери каралды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жооптуу түзүмдөргө протоколдук тапшырмалар берилип, аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.