Бишкекте автоунаалардан абага бөлүп чыгарган зыяндуу заттарын көзөмөлдөө боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Бишкекте автоунаалардан абага бөлүп чыгарган зыяндуу заттарын көзөмөлдөө боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2026-жылдын 19-февралында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы  тарабынан Бишкек шаардык милициясынын Патрулдук кызмат башкармалыгы менен биргеликте автотранспорт каражаттарынан чыккан булгоочу заттардын белгиленген ченемдерден ашуусун аныктоо боюнча кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлгөнүн маалымдайт.


Аталган рейддер борбор калаада атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана булгануу деңгээлин төмөндөтүү максатында туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.


Текшерүүнүн жүрүшүндө үч автотранспорт каражатында чыккан газдардын курамындагы булгоочу заттардын деңгээли жол берилген нормадан 50 пайызга чейин жогору экени аныкталды. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык жеке жактарга карата 3 протокол түзүлдү. Жалпы салынган айып пулдун суммасы 22 500 сомду түздү.


Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар айлана-чөйрөгө жана жарандардын ден соолугуна тийгизилген терс таасирди азайтууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана унаа ээлеринин экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.