Бишкекте чачылма көмүрдү сатууга жана пайдаланууга каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Чүй өрөөнү
Бишкекте чачылма көмүрдү сатууга жана пайдаланууга каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн координациялоосу менен Бишкек шаарындагы көмүр саткан ишканаларда 0–13 мм фракциядагы чачылма көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга байланыштуу түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Иш-чарага Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын, Экологиялык мониторинг департаментинин (ЭМД) кызматкерлери, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Министрликтин адистери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №639 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, чачылма көмүрдү сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынганын түшүндүрүштү. Мындан тышкары, көмүр сатуу менен алектенген ишканалар токтомдун талаптарын так сактоого, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырылды.

Муну менен бирге кызматкерлер тарабынан көмүрдүн радиациялык коопсуздугу кароого алынып, лабораториялык шартта текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн көмүрдүн үлгүлөрү алынды. 

Бул сыяктуу рейддик жана түшүндүрүү иш-чаралар атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу, майда фракциядагы көмүрдүн күйүүсүнөн пайда болгон зыяндуу заттар менен чаңдын абага тарашын азайтуу, ошондой эле жарандардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирди кыскартуу максатында мындан ары да улантылат.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №639 “Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга жеткирүүнү кошпогондо, 0–13 мм фракциядагы чачылма көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган.