Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү
01-сентябрь 2025, 11:51
Жарандардын ден соолугун коргоо жана абанын булганышын азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Бишкек шаардык №29 китепканасында жергиликтүү тургундар үчүн газдаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү
Жаратылыш министрлигинин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн башчысы Н.Ташыбек уулу иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга “Газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 3%” долбоору тууралуу маалымат берип , бул долбоор шаар тургундарына жана ишканаларга жеткиликтүү шарттарда өз үйлөрүн жана объектилерин жаратылыш газына туташтырууга мүмкүнчүлүк түзөөрүн айта кетти. Программанын алкагында 3%дык жеңилдетилген насыялоо каралганын, бул болсо көмүр жана башка зыяндуу отундардын ордуна экологиялык жактан таза энергия булагын колдонууга жол ачаарын белгиледи.
Аталган демилге борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга жана тургундардын ден соолугун сактоого багытталган. Газдаштыруу – Бишкектин абасын булгаган негизги булактардын бири болгон көмүрдү азайтууга чоң салым кошот.
Министрлик жана мэрия мындай түшүндүрүү иштерин мындан ары да улантып, шаар тургундарын таза энергия булактарына өтүүгө чакырат. Бул демилге жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого көмөктөшөт.