Бишкек шаарында экологиялык жана техникалык көзөмөл багытында рейддик иш-чара өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Бишкек шаарында экологиялык жана техникалык көзөмөл багытында рейддик иш-чара өткөрүлдү
2026-жылдын 10-февралында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрүлдү.


Рейддин жүрүшүндө экологиялык жана техникалык талаптардын сакталышы текшерилип, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 234-беренесине ылайык укук бузуу фактысы аныкталды.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жеке жакка 30 000 (отуз миң) сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат. Рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантылат.