Бишкекте көмүр базаларына карата абанын сапатын коргоо боюнча профилактикалык рейд жүргүзүлдү
19-ноябрь 2025, 15:38
Бишкекте көмүр базаларына карата абанын сапатын коргоо боюнча профилактикалык рейд жүргүзүлдү
2025-жылдын 18-ноябры, Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникикалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан №639 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомунун негизинде профилактикалык рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарында жайгашкан көмүр базалары текшерилип, комиссиянын катышуусунда жарандарга жана көмүр сатуу менен алектенген субъекттерге абанын сапатын жакшыртуу, атмосферага булгануучу заттардын чыгарылышын азайтуу жана тиешелүү эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө сатылып жаткан көмүрдүн фракциялык курамы каралып, бөлүкчөлөрдүн өлчөмү 0–13 мм майда көмүр менен аралаш экени аныкталды. Тактоо иштеринде аталган көмүр «КыргызКомур» ААК тарабынан Кара-Кечеден майда фракцияда келип жатканы белгилүү болду. База ээлерине жана жооптуу адамдарына тиешелүү эскертүүлөр берилди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы атмосфералык абанын сапатын коргоо, калктын экологиялык коопсуздугун камсыздоо жана көмүр сатуу тармагында талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча профилактикалык жана рейддик иш-чаралар мындан ары да уланаарын маалымдайт.