Бишкекте көмүр кампалары текшерилүүдө
06-ноябрь 2026, 14:07
Бишкек шаарында атмосфералык абанын булганышын алдын алуу жана көмүрдүн сапатына коюлган талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан көмүр кампаларында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көмүрдүн фракциялык курамы, радиациялык фону жана майда чачылма көмүрдү сатууга, сактоого жана пайдаланууга коюлган чектөөлөрдүн сакталышы көзөмөлдөнүүдө.
Көмүр кампаларынын ээлерине мыйзам талаптары түшүндүрүлүп, эскертүү баракчалары тапшырылды. Бүгүнкү күнгө чейин ишкерлер арасында 40 жолу түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 639 токтомуна ылайык, жылуулук менен камсыз кылуучу ишканаларга жеткирүү учурларын кошпогондо, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 0–13 мм фракциядагы майда чачылма көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган.