Бишкекте “MINEX Central Asia” геологиялык форуму өтүүдө биринчи күн жыйынтыкталды

Чүй өрөөнү
Бишкекте “MINEX Central Asia” геологиялык форуму өтүүдө биринчи күн жыйынтыкталды

2024-жылдын 19-20июнунда Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында MINEX Central Asia 10-тоо-геологиялык форуму башталды. Форум “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген жалпы теманын алдында уюштурулууда.

Биринчи күндүн алкагында төрт пленардык сессия иш алып барды. Ал жакта аталган тармактын өнүгүү перспективалары, көйгөйлүү маселелер тууралуу пикир алышуу, ой бөлушүү жүрдү. 

Ошондой эле, Борбор Азия өлкөлөрүнүн тоо-кен тармагындагы министрликтеринин жетекчилери, маалымат беришти. 

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык козомол министри Кыргызстандын бул багыттагы потенциалын баса белгилеп, азыркы убакта өлкө ичинде геология иштерин жүргүзүүдө 1000 участка бар экенин, алтын, кумуш, сымап жана сейрек кездешүүчү метталдар бар экенин баса белгиледи. 

Казахстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш министринин орун басары И.Шархан Казахстандагы бул тармактын өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары жаратылыш ресурстары,  экологиянын, кайра жаралуучу энергиялардын тоо-кен тармагына тийгизген таасири туууралу алты спикердин презентациялары угулду.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министиринин орун басары А.Раимкулова экология багытында кандай алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгы, иштелип чыккан мыйзамдар, экологияны боюнча маалымат берди. 

Үчүнчү пленардык сессиянын алкагында, өлкөдөгү иштеп жаткан ири тоо-кен кампаниялар өздөрүнүн ишмердиги боюнча маалымат беришти. 

«Кыргызалтын ААКсы»-геологиялык чалгындоо иштеринин бардык түрлөрүн жүргүзүү боюнча кубаттуу бөлүмдү түзүү, ошондой эле пайдалуу кендерди жана, биринчи кезекте, алтынды жана критикалык минералдарды байытуу жаатында изилдөө үчүн лабораториялык жабдууларды сатып алуу менен Борбордук илимий-изилдөө лабораториясынын ишин кеңейтүү боюнча маалымат  беришти. 

Форумдун биринчи күнү кызматташуу боюнча жети келишимге кол коюу менен жыйынтыкталды. Алар төмөндөгүлөр:

-Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен «Бетон кенеп» ишканасынын ортосундагы геосинтетикалык цемент композиттик маттарын өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

-Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен SRK Consulting (UK) Limited компаниясынын ортосунда,

-«Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен Metso (Финляндия) OY ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум,

-Кыргызалтын ачык акционердик коому менен Metso (Финляндия) OY ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө 

«Кыргызалтын” ААКсы менен “Юань Кун” ЖЧКсынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.

-«Кыргызалтын» ААК менен Intertech Process Technology Inc (АКШ) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум

-“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы менен Синьцзян Шунчжэн Ванадий Титан Технолоджи Ко., Лтд. ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.

Кол коюу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Б.Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаев катышты. Белгилей кетсек, бул кол коюлган документтер өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө жаңы импульсу  болот.