Бишкекте Борбор Азиядагы калдыктарды сактоочу жайлардын коопсуздугуна тийгизген климаттык коркунучтар боюнча субрегионалдык семинар өтүүдө

Чүй өрөөнү
Бишкекте Борбор Азиядагы калдыктарды сактоочу жайлардын коопсуздугуна тийгизген климаттык коркунучтар боюнча субрегионалдык семинар өтүүдө

2025-жылдын 21–22-май күндөрү Бишкек шаарында климаттык коркунучтардын калдыктарды сактоочу жайлардын коопсуздугуна тийгизген таасири боюнча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн субрегионалдык семинар өтүүдө.

Семинардын ачылышында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары А. Раимкулова семинардын темасынын өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, өнөр жайдагы кырсыктардын алдын алуу, суу ресурстарынын авариялык булгануусун токтотуу, табигый коркунучтардан келип чыгышы мүмкүн болгон техногендик кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу бүгүнкү күндө ар бир өлкө үчүн актуалдуу маселе болуп саналат.

Кыргыз Республикасы тоолуу өлкө катары өзгөчө географиялык шарттарга ээ. Өлкө аймагынын жарымынан көбү деңиз деңгээлинен 2500 метрден жогору бийиктикте жайгашкан. Бул шартта пайдалуу кен байлыктарды казып алуу тармагы активдүү өнүгүп, көптөгөн ишканалар жардыруучу заттарды, химиялык реагенттерди колдонуп, уулуу калдыктарды сактаган жайларга айланууда.

Акыркы жылдары өлкөдө жер казынасын пайдалануу, өнөр жай жана экологиялык коопсуздук жаатындагы мыйзамдар жаңыртылып келет. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин алкагында өлкө аймагындагы бардык калдыктарды сактоочу жайлар жана жыйнактар техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарына шайкеш келүү жагынан инвентаризациядан өткөрүлдү деп жыйынтыктады.

Семинардын уюштуруучулары — БУУнун Европа экономикалык комиссиясы (ЕЭК), өнөр жай кырсыктарынын трансчегаралык таасири жөнүндө конвенциянын катчылыгы, БУУнун Азия жана Тынч океан боюнча экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО), Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (GIZ), Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC).

Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Биримдигинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, илимий чөйрөлөрдүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Семинардын негизги максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

Борбор Азия өлкөлөрүндө калдыктарды сактоочу жайлардын коопсуздугуна байланыштуу табигый кырсыктардан коргонуу жана тобокелдиктерди башкаруу жаатында түшүнүктү бекемдөө;

Аймактык деңгээлде трансчегаралык кызматташтыкты өнүктүрүү;

Климаттык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу боюнча эл аралык методологияларды, саясаттык куралдарды жайылтуу;

Өлкөлөрдүн муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн аныктап, аларды чечүү жолдорун талкуулоо;

Өнөр жай коопсуздугу, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, айлана-чөйрөнү жана суу ресурстарын коргоо боюнча тажрыйба алмашуу;

ЕЭК-ЭСКАТОнун 2025–2028-жылдарга карата климат боюнча билимди жогорулатуу жана табигый кырсыктардан коргонуу боюнча жаңы долбоорун ишке киргизүү;

Суунун авариялык булгануусунун алдын алуу боюнча аймак аралык кызматташтыкты илгерилетүү.

Бул иш-чара аймактык коопсуздукту камсыздоо, табигый жана техногендик коркунучтарга каршы туруу үчүн маанилүү платформа болуп саналат.