Бишкекте автотранспорттын экологиялык коопсуздугун жогорулатууга арналган изилдөөнүн жыйынтыктары каралды

Чүй өрөөнү
Бишкекте автотранспорттын экологиялык коопсуздугун жогорулатууга арналган изилдөөнүн жыйынтыктары каралды

2025-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Илимий-техникалык кеңешинин жыйыны өтүп, анда Б. Н. Ельцин атындагы Кыргызстан–Россия Славян университети тарабынан аткарылган илимий-изилдөө иштеринин 2025-жыл үчүн отчёту каралды. Долбоордун жетекчиси — профессор, техникалык илимдердин доктору Д.В. Глазунов.

Аткарылган изилдөө «Автотранспорт жана атмосфераны булгоочу башка объектилердин иштөөсүн натыйжалуу кылуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу. Стационардык жана кыймылдуу булактардан чыккан булгоочу заттардын көлөмүн эсептөө ыкмасын иштеп чыгууга» арналган.

Жыйында профессор Глазунов илимий иштин негизги жыйынтыктарын сунуштап, бул багыттагы жаңы ыкмалардын жана эсептөө моделдеринин актуалдуулугун белгиледи. Изилдөөнүн алкагында транспорт агымынын мүнөздөмөлөрүн, автоунаалардын техникалык параметрлерин, убакыттык жана климаттык факторлорду эске алуу менен зыяндуу заттардын көлөмүн автоматтык түрдө эсептей турган математикалык моделди жана программалык камсыздоону түзүү пландалган.

Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү жүргүзүлгөн иштин Бишкек шаары жана Чүй облусунун абанын сапатын жакшыртууда, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда чоң мааниге ээ экенин баса белгилешти.

Талкуунун жана добуш берүүнүн жыйынтыгында

илимий иштер боюнча сунуштар жана эскертмелерди эске алуу менен кошумча иштерди жүргүзүүнү сунуштоо, ошондой эле КРСУ менен тиешелүү мамлекеттик органдар ортосундагы кызматташууну кеңейтүү сунушталды.

Бул изилдөөнүн жыйынтыктары келечекте жаңы экологиялык стандарттарды иштеп чыгууда, абаны көзөмөлдөө системаларын өркүндөтүүдө жана атмосферанын булуктуулугун азайтуу боюнча практикалык чараларды иштеп чыгууда пайдаланылары күтүлүүдө.