Бишкекте экологиялык таза жылытуу системаларына кызыгуу артууда
24-сентябрь 2026, 08:58
Чүй өрөөнү
Бишкекте экологиялык таза жылытуу системаларына кызыгуу артууда.
Борбор калаанын тургундары экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү жылытуу системаларына өтүүгө барган сайын көбүрөөк кызыгуу артышууда. «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №108 орто мектепте уюштурулган маалыматтык жолугушууга жергиликтүү тугундар арбын келишти.
Катышуучуларга экологиялык таза жылытуу системаларын сатып алууга жана орнотууга берилүүчү мамлекеттик жеңилдетилген насыянын шарттары тууралуу маалымат берилди.
Тургундардын суроолоруна Финансы министрлигине караштуу Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнөн жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен келген өкүлдөр жооп беришти.
Катышуучуларды насыя алуу шарттары, насыя алуучуларга коюлган талаптар, ошондой эле каржыланууга тийиш болгон чыгымдардын тизмеси кызыктырды.
Жылуулук насосторун жеткирүүчү компаниянын өкүлү жабдуулардын баасы, артыкчылыктары, иштөө принциби, орнотулушу жана техникалык тейлөөсү тууралуу айтып берди.
Электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болгон учурда жылуулук насосторунун иштөө өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле катышуучуларга жылуулук насосторун орнотуп, үйлөрүн жылытуу үчүн колдонуп жаткан үй-бүлөлөрдүн пикирлери камтылган видеороликтер көрсөтүлдү. Тургундардын практикалык тажрыйбасы катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, кызуу талкууга алынды.
Маалымат үчүн:
«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоору алкагында 1 миллион сомго чейин, беш жылга чейинки мөөнөткө жылдык 6% менен жеңилдетилген насыя берилет. Насыя каражатын жылуулук насосторун, генераторлорду жана экологиялык таза энергия булактарынын негизинде иштеген башка жабдууларды сатып алууга, орнотууга, ошондой эле ага байланыштуу кошумча чыгымдарды каржылоого жумшоого болот.Насыяны долбоордун өнөктөш банктарынан — «Элдик Банк», «Айыл Банк» жана «Бакай Банк»тан алууга болот.