Бишкек шаарында «ESG Бизнес-лидер» улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев катышты.

Чүй өрөөнү
Бишкек шаарында «ESG Бизнес-лидер» улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев катышты.

Сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө, ошондой эле өз ишмердигине туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизип жаткан компанияларды колдоого багытталган.

Сыйлоо аземине мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулугунун, эл аралык уюмдардын жана сынактын өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү катышты. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, социалдык жоопкерчилик жана туруктуу өнүгүү багыттарындагы демилгелери үчүн белгиленди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев жеке сектордун Кыргызстандын экологиялык жана климаттык максаттарын ишке ашыруудагы маанилүү ролун белгилеп, мамлекет менен бизнестин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө зарыл экендигин кошумчалады.


Сынак жоопкерчиликтүү бизнестин өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилөө, ошондой эле Кыргызстанда ESG-принциптерин илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.