Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын электр энергиясын өндүрүү менен утилдештирүүчү заводго ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү. Аталган иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери дагы катышты
18-сентябрь 2026, 09:33
Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын электр энергиясын өндүрүү менен утилдештирүүчү заводго ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү. Аталган иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери дагы катышты.
Заводго болгон иш сапардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын полигону комиссиялык негизде текшерилип, ошондой эле заводдун технологиялык процесси менен таанышууга мүмкүнчүлүк болгон.
Маалыматка ылайык, заводдун экинчи этабын куруу жана анын кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага чейин көбөйтүү пландалууда.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга заводдун ишинин иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө, анын ичинде калдыктарды кайра иштетүүнүн көлөмүнө, өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүнө, иш жүзүндөгү чыгымдарга жана кирешелерге, ошондой эле долбоордун экинчи этабынын башка финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө талдоо жүргүзүү жана баа берүү тапшырылды.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында Министрликтин компетенциясынын чегинде заводдун ишмердигине, ошондой эле долбоордун экинчи этабын курууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен тиешелүү корутунду берилет.
Аталган иш чара Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйналыштын 2026-жылдын 10-сентябрындагы протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлдү.