Бүгүн Бишкек шаарында «Кыргызстанда транспорттук абанын булгануусу менен күрөшүү: шаарларда жыл бою таза абага жетүү» аттуу көп тараптуу диалог өз ишин баштады.
21-октябрь 2025, 10:40
Чүй өрөөнү
Бүгүн Бишкек шаарында «Кыргызстанда транспорттук абанын булгануусу менен күрөшүү: шаарларда жыл бою таза абага жетүү» аттуу көп тараптуу диалог өз ишин баштады.
Иш-чарага Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, бул теманын маанилүүлүгү жана өз убагындагы актуалдуулугу тууралуу сүйлөп өтүштү.
Диалогдун алкагында эки негизги тематикалык сессия өткөрүлөт:
• «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу боюнча жетишилген жыйынтыктар»;
• «Транспорттук сектордо абаны булгаган заттардын чыгышын кыскартуу: илим жана маалыматтар, тажрыйба жана саясат».
Иш-чарага ошондой эле улуттук жана эл аралык өнөктөштөр катышууда. Алардын арасында:
• Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Лю Цзяпин,
• Япониянын Кыргызстандагы Элчиси Хидэки Года,
• Корея Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Ким Кванжэ,
• Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өлкө боюнча директору Хью Риддел,
• Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өлкө боюнча директору Женг Ву,
• БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) Борбор Азия боюнча субрегионалдык кеңсесинин башчысы Айдай Курманова.
Катышуучулар өз сөздөрүндө аба сапатын жакшыртуу, транспорттук булганууну азайтуу жана жашыл технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташуунун маанисин белгилешти.