Бишкекте Эл аралык "Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогу / саммитиндеги Бишкек+25" конференциясы башталды

Чүй өрөөнү
Бишкекте Эл аралык "Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогу / саммитиндеги Бишкек+25" конференциясы башталды

Бүгүн Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогу" Эл аралык конференциясы ачылды, ал Бишкек+25 саммитине даярдыктын маанилүү этабы болуп калды. Иш-чарага дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн келген делегациялар катышууда. 

Конференциянын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен Лесото Королдугунун Премьер-министринин орун басары Жастис Нтоменг Мажара, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Донгюй, ошондой эле токой секторундагы кызматташтык боюнча Азия уюмунун аткаруучу директору Чонхо Парк кайрылышты. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров жогорку даражалуу мейманга кайрылуу жасап: "Биздин конференция географиялык алыстыгына карабастан жалпы чакырыктарга — мөңгүлөрдүн эришине, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна, Альп жана Анд тоолорундагы тоо экосистемасынын бузулушу, Килиманджародогу жана Гималайдагы, Памир-Алай жана Тянь-Шандагы, Кавказ жана Алтай тоолорундагы тоо экосистемаларынын бузулушуна туш болуп жаткан Азия, Европа, Америка, Африка жана Австралия өлкөлөрүн бириктирүүгө арналган. Бул маселелер шашылыш жана координацияланган аракеттерди, ошондой эле дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн күчөтүүнү талап кылат". 

Конференциянын катышуучулары Глобалдык тоо демилгелерин илгерилетүүнүн, токой долбоорлорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле туруктуу өнүгүүнү колдоодо мындай эл аралык платформалардын ролун баса белгилешти, делегаттар Кыргызстандын уникалдуу жана морт жаратылышына өзгөчө көңүл буруп, аны аяр сактоо зарылдыгын белгилешти. 

Конференциянын алкагында төмөнкү темаларга арналган төрт панелдик сессияны өткөрүү каралган: 

* тоолуу аймактарда табигый кырсыктардын алдын алуу; 

* бийик тоолуу аймактарда сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; 

* климаттын өзгөрүшү шартында токойлорду калыбына келтирүү; 

* тоо экосистемаларын туруктуу өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстарды мобилизациялоо.