Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин экология тармагындагы жетекчилеринин жетинчи кеңешмеси башталды

Чүй өрөөнү
Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин экология тармагындагы жетекчилеринин жетинчи кеңешмеси башталды

2-апрелде №1 Мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин жетинчи кеңешмеси башталды. Иш-чара эки күнгө созулат.

Кеңешменин биринчи күнү эксперттик деңгээлде өтүүдө. Анын алкагында катышуучулар эки негизги документтин долбоорун талкуулашууда:

жетинчи кеңешменин жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү;

атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча демилге.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан эксперттер келишти.

Пакистан Ислам Республикасынан жана Иран Ислам Республикасынан Кыргыз Республикасындагы элчиликтердин өкүлдөрү катышууда. Тажикстан Республикасынын жана Индия Республикасынын өкүлдөрү онлайн форматта катышууда.