Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды
29-сентябрь 2026, 11:25
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан буга чейин Бишкек шаарынын Пригород айылында сатууга жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгып кетүүгө даярдалып жаткан жеринен аныкталып, алынган эндик (Macrotomia) өсүмдүгүнүн тамырлары белгиленген тартипте жок кылынды.
Жалпы көлөмү 5 тоннаны түзгөн эндик өсүмдүгүнүн тамырлары соттун чечимине жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынды.
Аталган өсүмдүктүн тамырларын жок кылуу иш-чарасы тиешелүү комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра иштетүүчү заводунун аймагында жүргүзүлүп, 5 тонна эндиктин тамыры толугу менен өрттөлүп жок кылынды.
Белгилей кетсек, эндик өсүмдүгү Кыргызстандын сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш ресурстарынын бири болуп саналат. Аны мыйзамсыз казып алуу, жыйноо жана сатуу жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу болуп эсептелет жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Эндиктин тамыры дарылык касиетке ээ болуп, элдик жана салттуу медицинада колдонулуп келет. Ошондой эле өсүмдүк тоо экосистемаларында экологиялык тең салмактуулукту сактоого жана топурактын эрозиясын алдын алууга салым кошот.
Министрлик жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү коргоо жана аларды мыйзамсыз жыйноого жол бербөө багытындагы көзөмөл иш-чараларын улантат.