Бишкек шаарында саркынды суунун мыйзамсыз төгүлүшү аныкталды

Чүй өрөөнү
Бишкек шаарында саркынды суунун мыйзамсыз төгүлүшү аныкталды
2025-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам бузуу фактысы аныкталды.


Тактап айтканда, Бишкек шаарындагы айланма жол менен ГЭС-5ке кеткен жолдун кесилишинде жайгашкан KFC ресторанынан чыккан саркынды суунун септиги убагында чыгарылбай, ашып ташып кеткендиги белгилүү болду.


Жеринде Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 237-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, мекемеге 65 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Септик инспекторлордун көзөмөлүндө тазаланып, мыйзам бузуунун кесепети жоюлду.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылышка келтирилген зыяндын алдын алуу максатында мындай рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз түрдө уланта берет.