Бишкекте бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды
22-июль 2026, 10:03
Чүй өрөөнү
Бишкекте бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Instagram социалдык тармагында жарыяланган маалыматтын негизинде Ж. Пудовкин көчөсүндө текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, («БЖЧ») муниципалдык ишканасына 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Жаратылыш министрлиги жарандарды бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактыларына кайдыгер карабоого чакырат. Мындай мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.