Бишкекте “MINEX Central Asia” геологиялык форуму өтүүдө экинчи күну жыйынтыкталды

Чүй өрөөнү
Бишкекте “MINEX Central Asia” геологиялык форуму өтүүдө экинчи  күну жыйынтыкталды

2024-жылдын 19-20июнунда Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында MINEX Central Asia 10-тоо-кен геологиялык  форуму башталды. Форум “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген жалпы теманын алдында уюштурулууда.


Экинчи күндүн алкагында,  төрт пленардык сессия өткөрүлдү. Басымдуу бөлүгүн, чет өлкөдөн келген ишкерлер, кампаниялар түздү.
Швециянын жана Кыргызстандын тоо-кен тармактарынын көп дал келген жактары саналып өттү. Темир рудалардын запастары жана гидроэнеоргетикалык потенциалы боюнча өзгөчөлүктөр баса белгиленди. Бул пленардык сессияда төрт доклад окулуп Швециянын тоо-кен тармагы боюнча маалымат беришти.
Англиядан келген кампаниялар геологиялык чалгындоо иштери боюнча маалымат беришти. Бир участканын потенциалын изилдеп чыкканга кээ бир учурларда 12 ден 16 жыл талап кылынаары айтылды.
Каражатты көп талап кылган, билимди жана дыкаттуулукту, геологиялык тактык жана ырааттуулукту талап кылынаары баса белгиленди.
Техникалык сессияда заманбап жабдыктар жөнүндө маалымат берилди.
Кызыктуу маалымат Аэромагнитометр боюнча берилди. Ал учактын геомагниттик талаасын өлчөөчү прибор экени айтылды.
Мындан тышкары, кыска форматтуу төрт жолугушуулар  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министригине караштуу Кыргыз Геология кызматынын катышуусу менен  өткөрүлдү. Андан тышкары, ар кандай уюмдардын жана кампаниялар арасында ондон ашуун жогорудагыдай форматтагы жолугушуулар өткөрүлдү.
Форумдун алкагында эки күндө 57 доклад окулуп, сегиз пленардык сессия өткөрүлүп, сегиз кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.  Иш-чара инвестициялык долбоорлордун презентациясы менен жыйынтыкталды.
Аталган ири аянтчада 25 мамлекеттин тоо-кен тармагынын өкүлдөрү өз-ара кызматташууга, биргелешкен долбоорлор жана перспективалар боюнча макулдашууларга жол ачылды.