Чаткал жана Токтогул райондорунда мыйзамсыз балык уулоочулар кармалды
28-август 2025, 17:46
Жалал-Абад регионалдык башкармалыгына караштуу райондук инспекторлор тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын алкагында 2025-жылдын 25–27-август күндөрү Чаткал жана Токтогул райондорунда мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталды.
Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо үчүн колдонулган торлор жана кайыктар алынып, кармалган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик протоколдор түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.
Ошондой эле Чаткал суусунда да мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жарандар кармалып, аларга карата да административдик чаралар көрүлдү.
Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы эскертет: балык ресурстарын мыйзамсыз жол менен пайдаланууга каршы күрөшүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Жаратылыш ресурстарды коргоо жана экологиялык мыйзамдардын сакталышы — жаратылышты сактоодогу маанилүү багыттардын бири болуп саналат.