Кыргызстан боюнча аттракциондордо коопсуздукту камсыздоо, мүмкүн болуучу кырсыктардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
26-май 2026, 16:53
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкектеги Панфилов паркы аймагында аттракциондордун коопсуздугу боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чаранын алкагында аттракцион ээлерине жана операторлорго коопсуздук талаптары боюнча маалымат берилди.
Жайкы сезон жана 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү жакындаган сайын парктардагы элдин саны көбөйүүдө. Ушуга байланыштуу кызмат инспекторлору аттракциондордун коопсуз иштешине өзгөчө көңүл бурууда.
Учурда мындай алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында өлкө боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Азыркы учурда республика боюнча 300 ашуун аттракцион иштеп жатат. Эң көп аттракциондор Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан. Панфилов паркында 41 аттракцион, “Евразия” паркында 43, “Sky Entertainment” борборунда 36 аттракцион бар.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ата-энелерди дагы балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Балдарды аттракциондордо кароосуз калтырбоо, коопсуздук эрежелерин сактоо жана техникалык жактан күмөн жараткан аттракциондорду пайдаланбоо маанилүү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондор иштебеши керектигин белгилейт жана мыйзам бузгандарга 10 миң сомдон 45 миң сомго чейин айып пул караларын эскертет.