Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы тарабынан Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
27-август 2026, 10:23
Мониторингдин жүрүшүндө аталган аймакта жалпы 56 жаран каттоодо турганы, алардын ичинен 20сы жеке ишкерлик менен алектенери аныкталды. Ишкерлерге нормативдик төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча эскертме каттар тааныштырылып, ошондой эле калдыктарды туура башкаруу жана айлана-чөйрөнү таза сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө айрым объектилердин ээлери башкармалыктын сунуштары менен калдыктарды башкарууда заманбап жана экологиялык жактан туура ыкмаларды колдонуп жатканы белгиленди. Тактап айтканда, таштандыларды чогултуу үчүн капкагы бар атайын челектер орнотулган.
Мындан тышкары, министрликтин кызматкерлери Кел-Суу көлүнүн аймагындагы кайык ээлерине жана туризм тармагында иш алып барган тараптарга көлдүн жана ага чектеш аймактардын тазалыгын сактоо, калдыктарды белгиленген талаптарга ылайык башкаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Министрлик айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо жана экологиялык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да улантат.