«Абанын сапатын жакшыртуу» мамлекеттик программасы ишке ашырылууда
04-июнь 2026, 09:55
Чүй өрөөнү
Атмосфералык абанын булгануусун азайтуу жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу максатында «Абанын сапатын жакшыртуу» мамлекеттик программасы ишке ашырылууда.
Программанын алкагында жеңилдетилген кредиттер Элдик Банк, Айыл Банк жана Бакай Банк аркылуу Бишкек шаары жана Аламүдүн, Сокулук райондорунун тургундарына каралган. Жеке жактарга экологиялык таза жылытуу жана энергия системаларын орнотуу үчүн 6% менен 1 млн сомго чейин, ал эми ишкерлерге өндүрүштү модернизациялоо жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн 10% менен 5 млн сомго чейин кредиттер каралган.
Каражаттар күн панелдери, жылуулук насостору, электр казандары жана башка экологиялык таза жабдууларды сатып алууга багытталат.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана ишкердик субъекттерди программага активдүү катышууга чакырат. Анткени, бул таза экологиянын кепилдиги.