Кыргызы Республикасынын экологиялык, техногендик, химиялык, биологиялык жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча потенциалын бекемдөө максатында Эл аралык жарандык коргонуу уюму (ЭЖКУ) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына жеке коргонуу каражаттары (ЖКК), коргоочу костюмдар жана атайын жабдуулар тапшырылды.
17-октябрь 2025, 18:50

Иш-чарага Борбордук жана Азия аймактары боюнча Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун (ЭЖКУ) Регионалдык гуманитардык кеңсесинин директору Максатбек Бообекович Ажикеев катышып, жаратылыш ресурстарын жана экологияны коргоо жаатында министрлик менен тыгыз кызматташтыкты улантууга даяр экенин баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атынан иш-чарага министрдин орун басары Алмаз Мустафаевич Мусаев катышып, өз сөзүндө Эл аралык жарандык коргонуу уюму менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ысык-Көл облусундагы экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле туруктуу экологиялык өнүгүүнү камсыздоого багытталган башка демилгелер талкууланды.
Жеке коргонуу каражаттары жана атайын жабдууларды тапшыруу министрликтин адистеринин химиялык, биологиялык жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо багытындагы иш-аракеттеринин даярдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт, ошондой эле айлана-чөйрөнүн булгануусунун алдын алууга жардам берет.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна көрсөтүлгөн колдоосу жана өлкөнүн экологиялык жана техногендик коопсуздук системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.