Циркулярдык экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана өлкөдө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин киргизүү, ошондой эле калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн санариптик реестрлерин түзүү максатында, Министрлик тарабынан кайра иштетүү менен алектенген, калдыктарды чийки затка же материалдарга кайра иштеткен компанияларды лицензиялоо жана колдоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө

Чүй өрөөнү

Циркулярдык экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана өлкөдө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин киргизүү, ошондой эле калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн санариптик реестрлерин түзүү максатында, Министрлик тарабынан кайра иштетүү  менен алектенген, калдыктарды  чийки затка же материалдарга кайра иштеткен компанияларды лицензиялоо жана колдоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Лицензия алдындагы көзөмөлдүн жүрүшүндө картон (кагаз), пластик, текстиль калдыктарын кайра иштетүүчү жана полимердик баштыктарды чыгаруучу төмөнкү компанияларга барылды: «Алтын Ажыдаар» ЖЧКсы, «Эллегия» ЖЧКсы, «Ак-Кайын» ЖЧКсы, «Профикс-Юг» ЖЧКсы, «Дукастомс» ЖЧКсы, «Датка Кей Джи» ЖЧКсы.

Компаниялар республика боюнча кардык калдыктарын жана макулатураны чогултуп, аларды продукцияны таңгактоо үчүн кагаз чийки затына жана гофреленген картондорго кайра иштетишет. Текстиль (тигүү) калдыктарынан термокийиздер, килемдер, жол килемчелери жана башка көптөгөн буюмдар өндүрүлөт.

ПЭТ бөтөлкөлөрүнөн башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн флекстер чыгарылат. Полимердик баштыктардан жана пластиктен чарбачылыкта колдонуу үчүн чакалар, пластик түтүктөр, щеткалар жана башка пластмасса буюмдары жасалат.

Министрлик калдыктардын түрлөрүнүн камтуу чөйрөсүн кеңейтүү, экологиялык ишкердикти өнүктүрүү, ушундай жашыл долбоорлорду колдоо жана мамлекеттик преференцияларды берүү, ошондой эле өзгөчө лицензияланган компаниялар үчүн калдыксыз технологияларды колдоону стимулдаштыруу боюнча иштерди улантат.

Министрлик бул багыттагы иштерди күчөтүп, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо жана лицензиялоо-уруксат берүү мыйзамдарынын бузулушуна жоопкерчиликтен качуу үчүн бардык калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдөн өз убагында ишмердүүлүгүн лицензиялоону суранат.