Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата министрликте ведомстволук сыйлыктар тапшырылды
26-август 2025, 17:59
2025-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгын майрамдоого карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде эмгектеги жетишкендиктери жана экологияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чаранын ачылышында министр М. Машиев куттуктоо сөзү менен чыгып, төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Биз баарыбыз мамлекетибиздин бакубаттуулугуна, ар бир кыргызстандыктын өз мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруусуна жана өсүп келе жаткан муундардын келечегин камсыздоого кызыкдарбыз. Бул майрам өзгөчө мамлекеттик кызматкерлер үчүн маанилүү. Ар бириңиздердин зор салымыңыздар менен таза, жаркын жана келечеги кең мамлекетти курууга кадам таштап жатабыз. Биргеликте, биримдикте бардык тармактарды алдыга жылдыра алабыз деген ишеним чоң», – деди министр. Ал ар бир жарандын үй-бүлөсүнө бакубатчылык жана бекем ден соолук каалады.
Салтанаттын алкагында министрликтин ишине өзгөчө эмгек сиңирген кызматкерлерге ыраазычылык каттар, министрликтин грамоталары, ардак грамоталары жана төш белгилери тапшырылды.
Иш-чарага министрдин биринчи орун басары К. Касейинов, орун басарлар А. Раимкулова, М. Аманкулов, М. Жусупбеков, ошондой эле министрликтин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.