Улуттук тазалык күнүнө карата өлкө боюнча ири экологиялык иш-чара өткөрүлдү
20-сентябрь 2025, 11:00
2025-жылдын 20-сентябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук тазалык күнүнө карата масштабдуу экологиялык акция өткөрдү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүүдө.
Шаарларды жана айылдарды, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын тазалоого мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, ошондой эле жеке уюмдардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар чыгышты.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин жамааты министр Медер Машиевдин жетекчилиги алдында борбордук аппараттын кызматкерлери "Сейил" багында , ал эми ведомстволук уюмдар Кыргыз геологиялык кызматы, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматы, Экологиялык мониторинг департаменти Боз-Бѳлтѳк тоосунда тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Акциянын негизги максаты – таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу жана жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат.
Таштандылар иргелет жана таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан чыгарылат. Бул жолу акция ошол эле алгоритм боюнча өттү.
Бардык регионалдык мекемелер, Улуттук тазалык күнүндө активдүү катышышты.
Экология — бул бир жолку акция эмес, жашоо образы. Ал эми таза өлкө — ар бирибиздин милдетибиз.